# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 312
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21606/edition/1237963/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (13.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159244

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-июну № 312 Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137, 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жеке ишкер же эмгек келишими боюнча кызматкер катары жеке жак баалоо ишин жүргүзгөн баалоочунун квалификациясын ыйгаруу жөнүндө сертификаттар баалоо ишин жүргүзүү үчүн баалоочуда зарыл болгон квалификациясы жана кесиптик билими бар экендигин тастыктоо үчүн негиз катары 2023-жылдын 1-июлуна чейин таанылат деп белгиленсин.

Бул пункт төмөнкү шарттарга жооп берген сертификаттарга колдонулат:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери күчүндө турган мезгилде берилген сертификаттар;

- сертификат берилген учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кесиптик даярдоо боюнча окутуу программаларын ишке ашырууга же мүлктү баалоо боюнча адистерди аттестациялоого укугу бар уюмдар тарабынан берилген сертификаттар.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына баалоочулардын квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу сунушталсын.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 28-июнундагы № 56 (3391) саны менен жарыяланды

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
