Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-июну № 312 Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137, 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жеке ишкер же эмгек келишими боюнча кызматкер катары жеке жак баалоо ишин жүргүзгөн баалоочунун квалификациясын ыйгаруу жөнүндө сертификаттар баалоо ишин жүргүзүү үчүн баалоочуда зарыл болгон квалификациясы жана кесиптик билими бар экендигин тастыктоо үчүн негиз катары 2023-жылдын 1-июлуна чейин таанылат деп белгиленсин.
Бул пункт төмөнкү шарттарга жооп берген сертификаттарга колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери күчүндө турган мезгилде берилген сертификаттар;
- сертификат берилген учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кесиптик даярдоо боюнча окутуу программаларын ишке ашырууга же мүлктү баалоо боюнча адистерди аттестациялоого укугу бар уюмдар тарабынан берилген сертификаттар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына баалоочулардын квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу сунушталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 28-июнундагы № 56 (3391) саны менен жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 токтому менен бекитилди)Порядок · 10.06.2022 · № 312
- Баалоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин СТАНДАРТЫСтандарт · 16.10.2025 · № 673
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз…Постановление · 11.03.2023 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз…Постановление · 13.11.2024 · № 681
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 15.06.2026 · № 422
- Бишкек шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56 "Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу…Постановление · 09.11.2022 · № 56
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Баалоо иши жөнүндөЗакон · 22.12.2021 · № 155
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августу № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө"Постановление · 21.08.2003 · № 537 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасындагы баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин Убактылуу эрежелери" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 токтому…Правила · 21.08.2003 · № 537
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.