# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 301
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21603/edition/1166489/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому (10.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159239

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-июну № 301 Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу Мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдордун сатып алуулар системасын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 169-VII "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун тиркелген типтүү тартиби бекитилсин.

2. Сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун эрежелери ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин ички документтери менен аныкталууга жана төмөнкүлөр тарабынан бекитилүүгө тийиш деп белгиленсин:

1) директорлор кеңеши, ал эми ал жок болсо - акционерлердин жалпы чогулушу - уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн;

2) мамлекеттик ишкананын аткаруу органынын жетекчиси;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу боюнча муниципалдык ишкананын аткаруу органынын жетекчиси.

3. Уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдорго жана алардын туунду чарбалык коомдоруна сатып алууларды уюштурууда жана ишке ашырууда ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү тартипти колдонуу сунушталсын.

4. Чарбакер коомдун акционеринин (катышуучусунун) укуктарын ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартибин регламенттөөчү ички документтерди уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан кабыл алуусун жана ачык жеткиликтүү жайгаштыруусун камсыз кылсын.

5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволук мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан сатып алуулардын ички эрежелеринин кабыл алуусун жана ачык жеткиликтүү жайгаштыруусун камсыз кылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы алты айдын ичинде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан өтүнмө берүү келишимдик негизде сатып алууларды жүргүзүү үчүн маалыматтык системаны иштеп чыксын жана ишке киргизсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
