# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 300
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21602/edition/1201829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (07.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159238

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-июну № 300 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык) Мунай-газ тармагын мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу максатында, "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасына жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилсин.

3. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасына Баткен облусунун Кадамжай районунун "Түндүк Сох мунай-газ чыккан жеринин аймагында жайгашкан газ-техникалык курулмалардын объекттерин оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын башкаруу СХЕМАСЫ

3-тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
