# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 306 "Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы "Манас" интернат-лицейинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 306 "Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы "Манас" интернат-лицейинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21601/edition/1198710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 306 "Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы "Манас" интернат-лицейинин маселелери жөнүндө" токтому (10.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159237

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-июну № 306 Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы "Манас" интернат-лицейинин маселелери жөнүндө Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Талас облусунун Талас районунун Өмүралиев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-июлундагы № 129 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы "Манас" интернат-лицейи" мекемеси "Манас" интернат-лицейи" мекемеси деп кайра аталсын.

2. "Манас" интернат-лицейи" мекемеси Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында жайгашкан "Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектеби" мекемесинин имаратына жайгаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балансында турган, Талас облусунун Талас районунун Манас айылында жайгашкан, мурдагы "Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы "Манас" интернат-лицейи" мекемесинин имаратын (мындан ары - объект) Талас облусунун Талас районунун Өмүралиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде "Өмүралиев айыл өкмөтү" бөлүмүндөгү "Мектептер" позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“

Мектептер

3

3 428,8

“

5. Талас облусунун Талас районунун Өмүралиев айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун З-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү объектти муниципалдык менчикке алуу жана сакталышын камсыз кылуу;

- өткөрүп берилүүчү объектти максаттуу багыты боюнча пайдалануу;

- ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчик объектин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;

- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен объектти күтүү жана андан ары тейлөө.

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- бир айлык мөөнөттө "Манас" интернат-лицейи" мекемесинин уставын бекитсин;

- "Манас" интернат-лицейи" мекемесин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;

- "Манас" интернат-лицейи" мекемесин каржылоону Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 57 "Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы "Манас" интернат-лицейи жөнүндө" токтомунун 2, 3, 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
