# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 293
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/159232/edition/1287961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159232

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 31-майы № 293

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамында:

- биринчи абзацында "биринчи орун басары" деген сөздөр "орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- сегизинчи абзацында "Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун" деген сөздөр "Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- тогузунчу абзацында "Мамлекеттик байланыш агенттигинин" деген сөздөр "Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
