# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 288
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21596/edition/1165295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159230

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 31-майы № 288 Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Үрөнчүлүк секторун туруктуу өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү жана республиканын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогору сортторунун жана гибриддеринин сертификатталган үрөндөрү менен камсыздоо максатында, "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
