Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 31-майы № 286 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААК) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
1) бир акциясынын номиналдык наркы 1000 (бир миң) сом болгон 2000000 (эки миллион) даана жөнөкөй энчилүү акцияны чыгаруу жана төлөө жолу менен 2000000000 (эки миллиард) сом өлчөмүндө уставдык капиталын аныктоо менен "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКтын уюштуруучусу болуп чыксын;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуу боюнча түзүлүп жаткан "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКтын уставын бекитсин;
3) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКтын уставдык капиталын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго 2000000000 (эки миллиард) сом өлчөмүндө акча каражатын тапсын жана бөлүп берсин.
2) 2023-жылга чейин уставдык капиталынын елчөмүн 5000000000 (беш миллиард) сомго чейин жеткирсин;
3) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКты Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик административдик имаратка коммуналдык жана эксплуатациялик чыгымдарын төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында жайгаштыруу тууралуу маселени чечсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2022 · № 130
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон