# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы N 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы N 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21584/edition/1167273/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы N 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159215

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 20-майы № 259 Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксат жана көп тараптуу уруксат бланктарын бөлүштүрүү боюнча натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
