Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 „Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 20-майы № 262 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 "Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 "Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат алуу маселелери боюнча документтерди тариздөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти;
- Кыргыз Республикасынын аймагында соттук чечимдерди таануу жана аткаруу, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечимдерин жиберүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча).".
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине байланыш маалыматтарын көрсөтүп, конвенцияларга катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын борбордук жана башка органдарынын жаңыланган тизмесин жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине конвенцияларга катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын борбордук жана башка органдарынын жаңыланган тизмеси жөнүндө кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 "Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара…Постановление · 17.03.2021 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122