Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-апрели № 237 Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясын жана "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-2-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын ТИЗМЕГИ
1. Туруктуу катуу же тез-тез күч алуучу оорунун белгилери бар өнөкөт жана узакка созулган психикалык бузулуулар:
1) органикалык, анын ичинде симптомдуу, психикалык бузулуулар F00-F09;
2) шизофрения, шизотиптүү жана жөөлүмө бузулуулар F20-F29;
3) маанайдын бузулуусу (аффекттик бузулуулар) F30-F39;
4) стресс менен байланышкан невротикалык жана соматоформдук бузулуулар F40-F48.9;
5) физиологиялык бузулуулар жана физикалык факторлор менен байланышкан жүрүм-турум синдромдору F50-F59;
6) жетилген курактагы инсандык жана жүрүм-турумдун бузулуулары F60-F69;
7) акыл-эстин артта калуусу F70-F79.
Баш мээсин милдеттүү түрдө электроэнцефалографияга тарттыруу, эксперименттик-психологиялык текшерүүдөн өтүү.
2. Көздүн жана анын аппаратынын оорулары:
1) жакшы көргөн көздүн көрүү курчтугунун 0,5тен ылдый төмөндөөсү жана начар көргөн көздүн көрүү курчтугунун 0,2ден ылдый төмөндөөсү же экинчи көзү көрбөгөн учурда бир көздүн көрүү курчтугу 0,7ден ылдый төмөндөөсү менен коштолгондо;
2) эки көзү тең ачылып турган учурда коррекциялоону (көз айнек, контакт) көтөрө албаганда, ошондой эле ар бир көзүнүн көрүү талаасы 20 градуска чейин жана андан аз концентраттык ичкерүүсү менен коштолгондо.
3. Психоактивдүү заттарды колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары:
1) алкоголду ичүү менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары;
2) опиоиддерди колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары;
3) каннабиноиддерди колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары;
4) седактивдүү жана уктатуучу каражаттарды колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары;
5) стимуляторлорду (кофеинди кошкондо) колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары;
6) галлюциногендерди колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары;
7) тамеки чегүү менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары;
8) учма эритмелерди колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары;
9) бир эле учурда бир нече баңги каражаттарын колдонуу жана башка психоактивдүү заттарды пайдалануу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 35