# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 271
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/159182/edition/1246177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (28.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159182

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 20-майы № 271 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)

Мыйзамдарга шайкеш келтирүү, айлана-чөйрөнү коргоо, өнөр жай жана радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1 жана 2-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "Горький көчөсү, 142" деген сөздөр "Эркиндик бульвары, 2" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-сентябрындагы № 316-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 60-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ядролук жана радиациялык коопсуздугун колдоо боюнча 2021-2024-жылдар мезгилине комплекстүү планында:

- 1.1.1-1.1.3-пункттар "ӨКМ" деген аббревиатурадан кийин ", ЖРЭТКМ" деген аббревиатура менен толукталсын;

- 1.2.1-1.2.3, 1.3.1, 2.2, 3.1.1, 3.1.2, 5.1-пункттарда "ӨКМ" деген аббревиатура "ЖРЭТКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 1.2.2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1.3.2, 2.1, 3.2.1-4.4, 6.1, 6.2-пункттар "ӨКМ" деген аббревиатурага чейин "ЖРЭТКМ," деген аббревиатура менен толукталсын;

- 1.2.1, 2.1, 2.2, 3.2.1, 3.3.1, 3.4.1, 3.4.2, 4.2, 5.1, 6.1, 6.2-пункттарында "ЭӨМ" деген аббревиатура алып салынсын;

- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй жетинчи абзац менен толукталсын:

"ЖРЭТКМ - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги".

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 198-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.У. Жапаров |
