# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө " токтмоу

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө " токтмоу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21557/edition/1162233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө " токтмоу (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159177

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-апрели № 235 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Электрондук документтер менен иштөөдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы туруктуу жана оперативдүү санариптик өз ара аракеттенүүнү, "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жободо:

- 3-пунктунда:

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ЭДМС" АМСтин оператору - "ЭДМС" АМСти эксплуатациялоону, анын техникалык жана программалык жактан коштоп жүрүүнү ишке ашыруучу электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы;"; төртүнчү абзацында "ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда, электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабылдоосу үчүн жарактуу түрдө, ошондой эле маалыматтык- телекоммуникациялык тармактар боюнча берүү же маалымат системаларында иштетүү үчүн берилген документтештирилген маалымат;";

- 6-пунктунда:

он тогузунчу абзацында "жана муниципалдык маалымат системалары" деген сөздөр ", муниципалдык маалымат системалары жана юридикалык жана жеке жактардын маалымат системалары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жыйырма биринчи абзацында "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 16-пунктунун бешинчи абзацында "жана муниципалдык маалымат системаларын" деген сөздөр ", муниципалдык маалымат системаларын, юридикалык жана жеке жактардын маалымат системаларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
