# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы № 254 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы № 254 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21553/edition/1290221/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы № 254 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (15.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159172

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 605 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 17-майы № 254 Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 37 "Бажы бирлигинин Комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташылып келген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" чечимине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 37 "Бажы бирлигинин Комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташылып келген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" чечими күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
