Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Распоряжение Правительства КР (О создании Координационного совета по водоснабжению и санитарии при Правительстве КР)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 27 августа 2009 года № 475-р (Об утверждении Положения о Координационном совете)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-08-27.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2001-жылдын 7-ноябры № 418-б "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү", "Суу менен жабдуу жана санитария" долбоорлору жана башка келечектүү долбоорлор жана программалар боюнча иштерди, мониторингди жана контролдоону ведомстволор аралык координациялоону ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу менен жабдуу жана санитария боюнча координациялык кеңеш түзүлсүн.
2. Координациялык кеңештин курамы кызмат орундарына жараша төмөнкүчө белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри - кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин айыл чарба тармагын тейлөөчү орун басары; Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы санитардык врачы; Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствонун директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Айылдарды суу менен жабдуу департаметинин башкы директору; Кыргызтуракжайкоммунсоюздун төрагасы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар конгрессинин вице-президенти (макулдашуу боюнча); Ош областтык мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба тармагын тейлөөчү орун басары; Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба тармагын тейлөөчү орун басары; Чүй областтык мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба тармагын тейлөөчү орун басары; Нарын областтык мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба тармагын тейлөөчү орун басары; Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба тармагын тейлөөчү орун басары; Талас областтык мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба тармагын тейлөөчү орун басары; Баткен областтык мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба тармагын тейлөөчү орун басары.
3. Координациялык кеңеш өз заседаниелеринде долбоорлорду, программаларды даярдоо жана ишке ашыруу менен байланыштуу маселелерди, кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана аны толук жана өз учурунда кайтаруу маселелерин жетекчиликке алуу менен карасын жана чечсин. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуш киргизсин.
4. Координациялык кеңештин төрагасына Координациялык кеңештин персоналдык курамын аныктоо укугу берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-апрелиндеги № 103-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б (Координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 27.08.2009 · № 475-р · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства КР от 2 апреля 2001 года №103-р (Создать Координационный совет по водоснабжению и санитарии при Правительстве Кыргызской Республики)Распоряжение · 02.04.2001 · № 103 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Распоряжение Правительства КР от 2 апреля 2001 года №103-р (Создать Координационный совет по водоснабжению и санитарии при Правительстве Кыргызской Республики)Распоряжение · 02.04.2001 · № 103 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б (Координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 27.08.2009 · № 475-р · Күчүн жоготкон