# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/159164/edition/1202309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтому (23.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159164

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-апрели № 249 Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808

2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 , 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)

1. 2022-жылдын 1-майынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары - Фонд) максаттары же өзүнүн өндүрүшү үчүн ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн Фонд тарабынан;

- өзүнүн өндүрүшү же Фонддун же башка ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн ун өндүрүүчү тарабынан;

2) Фонддун жана/же ун өндүрүүчүнүн дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу берүүлөргө;

3) ата мекендик дандан жана/же ушул токтомдун 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн дандан өндүрүлгөн унду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1101), улпакты (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2302 30 100 0) салык салынуучу берүүлөргө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 , 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1-1. 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:

1) өсүмдүк майына андан ары кайра иштетүү үчүн гана өсүмдүк майын өндүрүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген рафинирленбеген өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 9, 1512 11 990 9, 1514 11 900 9 жана 1512 21 900 0) салык салынуучу импортуна;

2) ата мекендик рафинирленбеген өсүмдүк майынан жана/же ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн рафинирленбеген өсүмдүк майынан өндүрүлгөн өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 1, 1512 19 900 2, 1512 11 990 1, 1512 19 900 3, 1514 11 900 1, 1512 19 900 9, 1514 99 900 1, 1514 99 900 9, 1514 11 900 1 жана 1512 29 900 0) салык салынуучу берүүлөргө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718,2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 , 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктундагы "1-августунан" деген сөздөр "1-майынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом 2022-жылдын 20-мартынан тартып күчүнө кире турган 3-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларын жана 2022-жылдын 1-январынан күчүнө кире турган 3-пунктунун 2-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
