# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 246 "Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 246 "Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 246
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21547/edition/1167441/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 246 "Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159162

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 710 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 30-апрели № 246 Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 23-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга байланышкан сатып алууларды жүргүзүү боюнча тиешелүү модулду иштеп чыксын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 17-майындагы № 44 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
