# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасындагы айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасындагы айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21542/edition/1169209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасындагы айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159157

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 30-апрели № 242 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасындагы айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
