Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 21-апрели № 228 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө Креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2022-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер КабинетининТөрагасынын биринчи орун басары
А.О. Кожошев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 629-т "2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын ишке…Распоряжение · 16.11.2022 · № 629-р
- 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 228 токтомуна)Концепция · 21.04.2022 · № 228
- 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Программа · 18.03.2025 · № 134