Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-апрели № 222 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмесин жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн текшерүүлөр аралык интервалын актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. Өлчөө каражаттарын текшерүү Эл аралык бирдиктер системасына (СИ) карата чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондору жана башка мамлекеттердин чоңдуктар бирдиктеринин эталондору аркылуу байкоо жүргүзүлүүчү чоңдуктар бирдиктеринин эталондорун колдонуу менен жүргүзүлөт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгүндө:
- 20, 21-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
20
Өнөр жай суу эсептегичтери:
- шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм болгон;
5 жылда 1 жолу
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм жогору болгон
жылына 1 жолу
21
Шарттуу өткөрүү диаметри 15÷20 мм болгон тиричиликтик суу эсептегичтери (ысык жана муздак суу үчүн)
5 жылда 1 жолу
";
- 26-30-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
26
Жука түтүктүү суу агызгычтар:
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу ташыбай агат, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
5 жылда 1 жолу
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суу ташыбай агат, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) кийин аларды суу капташы мүмкүн, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
3 жылда 1 жолу
27
Тосмосу бар суу агызгычтар:
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
4 жылда 1 жолу
28
Чыгым ченегич ноолор:
- тартылган каналда суунун агымынын режими жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, жогорку бьефте агындылар чогулбайт, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
3 жылда 1 жолу
29
Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер:
- жогорку бьефте суунун агымынын режими жай, кошумча салынган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суу ташып агат, курулманын айланасында ири фракциялардын агындылары чогулбайт
3 жылда 1 жолу
30
"Белгиленген нук" тибиндеги чыгым өлчөгүчтөр:
- каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
5 жылда 1 жолу
- каналдагы суунун агымынын режими тегиз, курулманын айланасында агындылар чогулбайт, төмөнкү бьефте тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шарттарына жараша (ылай басып кетет, чөп басып кетет) суу өлчөөчү курулмалар бети бетондолгон каналда курулат
3 жылда 1 жолу
".
- 48-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 128-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
128
Электр энергиясынын микропроцессордук программаланган эсептегичтери
8 жылда 1 жолу
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрын- дагы N 446 токтомуна)Положение · 02.09.2019 · № 446
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 02.09.2019 · № 446
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118