Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу „Кыргыз почтасы“ мамлекеттик ишканасын „Кыргыз почтасы“ ачык акционердик коомуна кайра уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 8-апрели № 203 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасын "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомуна кайра уюштуруу жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын жарандарына пенсияларды жана жөлөкпулдарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү, ошондой эле андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен, коомдун уставдык капиталын белгиленген тартипте аныктоо менен "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомуна кайра уюштурулсун.
2. "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашырсын.
5. Өзгөртүп түзүлгөн "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салуу белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
- "Б" категориясынын (маанилүү объектилер) 8-пунктундагы "МИ" деген аббревиатура "ААК" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 26-апрелиндеги N 39 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 257
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ "КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 257…Устав · 15.11.2021 · № 257 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 257
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана…Постановление · 25.06.2020 · № 3966
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675