# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21509/edition/1234003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (17.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159116

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 8-апрели № 201 Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесинин жоболорун жергиликтүү бюджеттер үчүн максаттуу трансферттерди берүү тартибин аныктоо жагынан аткаруу, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2022-жылдан баштап жыл сайын максаттуу трансферттер боюнча каржылоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджетте алдын ала карасын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө максаттуу трансферттерди өзүнчө сап менен эсепке алуу жана эске алуу сунушталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 37-38 жарыяланды

Төрага

А.У. Жапаров
