# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 6-октябрыындагы "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 6-октябрыындагы "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 211
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21502/edition/1169199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 6-октябрыындагы "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө" токтому (14.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159106

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 14-апрели № 211 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 6-октябрыындагы "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Оперативдүү маалыматтарды берүү жана электр энергиясын керектөөчүлөрдөн электр энергиясын пландуу жана авариялык өчүрүүлөргө жана алар боюнча тиешелүү оңдоо иштерине байланышкан өтүнмөлөрдү алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жободо:

- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:

"- керектөөчүлөргө электр энергиясын пландуу жана пландан тышкаркы өчүрүүлөр жөнүндө маалымдоо, ошондой эле оперативдүү кабар берүү жана авариялык өчүрүүлөрдү четтетүү;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакыруу системасына кирген, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдүү кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесинде:

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

7

105

"Улуттук энергетикалык

Кыргыз Республикасынын

холдинг компаниясы"

Энергетика министрлиги

ААКтын электр энергиясын

керектөөчүлөрү үчүн шыр байланыш

2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна электр энергиясын керектөөчүлөр үчүн шыр байланыштын иши үчүн "105" телефон номерин бөлүп берсин.

3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна шыр байланыштын иштөөсүн туруктуу негизде жүзөгө ашыруу сунушталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
