# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/159100/edition/1289304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159100

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ

2022-жылдын 30-февралы № 94

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412, 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2023-жылдын 3-мартындагы № 125, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 , 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 13-майындагы № 253, 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 , 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 , 2026-жылдын 9-октябрындагы № 683 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кыл ат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын ставкалары 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Акциздик жыйымдын маркасы менен төмөнкүлөр маркаланууга тийиш деп белгиленсин:

- 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн тамеки буюмдары;

- 2024-жылдын 1-июнунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар;

- 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып ТЭИ ТН 2403 товардык позициясында классификациялануучу түтүктүү, тартуучу, жыттоочу, кальяндуу тамеки (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекиден тышкары);

- 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позициясында классификациялануучу майлоочу майлар, башка майлар, битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошумдар.

- 2025-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларда классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спирит;

- 2027-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма) КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык;

- 2027-жылдын 1-майынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу өздүк өндүрүшүндөгү сууларды, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган сууларды чекене сатууну жүзөгө ашыруучу коомдук тамактануу субъекттери катары катталган салык төлөөчүлөр.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө маркалоо киргизилген датадан тартып 6 ай өткөндөн кийин тыюу салынат, буга жүгүртүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-майынан тартып белгиленген ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ТР ТС 021/2011) ылайык (мамлекеттик каттоо жөнүндө тиешелүү күбөлүгү болсо) балдар тамак-ашы кирбейт. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы №533, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө акциздик маркаларды талаптагыдай колдонууну камсыз кылуу үчүн импорттоочулар тарабынан салынуучу депозиттик төлөм төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:

- алкоголдук продукциянын бир литри үчүн (ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу сыраны кошпогондо) 5 (беш) эсептик көрсөткүч;

- ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыранын бир литри үчүн 2028-жылдын 1-январынан тартып 1 (бир) эсептик көрсөткүч.

"Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тийиштүү жылдын биринчи күнүнө карата колдонулган эсептешүү көрсөткүчү негиз катары алынат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

51. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте 2030-жылга карата айыл чарба кооперативдеринен жемиштерди, кургатылган жемиштерди жана мөмөлөрдү сатып алуучу ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан өндүрүлүүчү компоттордун, шербеттердин, нектарлардын жана морстордун экспортунун көлөмүн 2 эсеге көбөйтүүнү камсыз кылсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү жана он төртүнчү абзацтары, 3 - 3-2-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомунун 2, 5-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин күчүнө кириши тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 203 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 646 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 1-пунктчасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 749 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 "Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 321 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

| Төрага | А.У. Жапаров |  |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |

3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын СТАВКАЛАРЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811, 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 , 2026-жылдын 9-октябрындагы № 683 токтомунун редакциясына ылайык)

| № | Акциздик продукциянын түрү | Акциздин ставкасы |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин | 2027-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин | 2028-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин | 2029-жылдын 1-январынан тартып |  |  |  |
| 1 | КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык улуттук суусундуктарды (бозо, максым жана жарма) кошпогондо, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар | 3 сом/литр |  |  |  |  |
| 1-1 | ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу КМС 891:2003 "Бозо" суусундугу" Техникалык шарттарына" жана КМС 980:2021 "Максым" жана "Жарма" улуттук суусундуктары" Техникалык шарттарына" ылайык улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма) | 0 сом/литр |  |  |  |  |
| 1-2 | 2024-жылдын 1-апрелинен тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу энергетикалык, алкоголсуз суусундуктар | 6 сом/литр |  |  |  |  |
| 1-3 | 2025-жылдын 15-майынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн сатып алынган жемиштерден, кургатылган жемиштерден жана мөмөлөрдөн ата мекендик айыл чарба кайра иштетүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн кант кошулган компоттор, шербеттер, нектарлар жана морстор | 1 сом/литр |  |  |  |  |
| 1-4 | 2027-жылдын 1-майынан тартып коомдук тамактануу субъекттери тарабынан өндүрүлгөн жана чекене сатылган, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар | 0 сом/литр | 3 сом/литр |  |  |  |
| 2 | ТЭИ ТН 2204 (220410 жана 220430 тышкары), 2205, 2206 товардык позицияларында классификациялануучу шараптар | 25 сом/литр | 30 сом/литр | 35 сом/литр | 40 сом/литр |  |
| 3 | ТЭИ ТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу арак | 200 сом/литр | 220 сом/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |  |
| 4 | ТЭИ ТН 220830, 220870, 220890 товардык позицияларында классификациялануучу ликер-арак ичимдиктери | 200 сом/литр | 220 сом/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |  |
| 5 | ТЭИ ТН 220840, 220850 товардык позицияларында классификациялануучу күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар | 200сомов/литр | 220 сомов/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |  |
| 6 | ТЭИ ТН 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 товардык позицияларында классификациялануучу коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 140 сом/литр | 160 сом/литр | 180 сом/литр | 200 сом/литр |  |
| 7 | Арак, ликер-арак ичимдиктерин, күчтөндүрүлгөн суусундуктарды, күчтөндүрүлгөн ширелерди, бальзамды, шарапты чыгаруу үчүн аларды өндүрүү укугуна лицензиясы болгон учурда товар өндүрүүчүлөргө бергенден же товар өндүрүүчүлөр импорттогондон жана норманын чегинде атайын керектөөчүлөргө бергенден тышкары, ТЭИ ТН 2207 товардык позициясында классификациялануучу денатурланбаган этил спирти, денатурланган ар кандай концентрациядагы этил спирти жана башка спирттик тундурмалар | 200 сом/литр | 220 сом/литр | 240 сом/литр | 260 сом/литр |  |
| 8 | ТЭИ ТН 220890 товардык позициясында классификациялануучу алкоголу аз ичимдиктер | 100 сом/литр |  |  |  |  |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомунун редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639токтомуменен 8-пункттуна киргизилген өзгөртүүлөр,2025-жылдын 29-декабрынан тартып күчүнө кирди. |  |  |  |  |  |  |
| 9 | ТЭИ ТН 220430 товардык позициясында классификациялануучу шарап материалдары | 5 сом/литр |  |  |  |  |
| 10 | ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра | 20 сом/литр | 25 сом/литр | 30 сом/литр |  |  |
| 11 | ТЭИ ТН 2204, 2205, 2206 товардык позицияларында классификациялануучу шуулдап туруучу шараптар, анын ичинде газдалган шарап жана шампан | 50 сом/литр | 55 сом/литр | 60 сом/литр | 70 сом/литр |  |
| 12 | 2025-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500-2710192900, 2902600000, 2902700000, 2909199000, 2921420001 товардык позицияларында классификациялануучу кышкы дизель отунунан тышкары, мотордук бензиндер, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер, дистилляттар жана компоненттер | 5000 сом/тонна |  |  |  |  |
| 13 | ТЭИ ТН 2710192100 товардык позициясында классификациялануучу реактивдүү отун | 0 сом/тонна |  |  |  |  |
| 14 | ТЭИ ТН 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну | 400 сом/тонна |  |  |  |  |
| 15 | ТЭИ ТН 271019510-2710196809, 2710203101-2710203909 товардык позицияларында классификациялануучу мазут | 400 сом/тонна |  |  |  |  |
| 16 | ТЭИ ТН 2710192900 товардык позицияларында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизель отунуна карата) | 400 сом/тонна |  |  |  |  |

Эскертүү: 1 литр ликер-арак ичимдиктерине, күчтөндүрүлгөн суусундуктарга, күчтөндүрүлгөн ширелерге жана бальзамдарга акциз салыгынын ставкасы ТЭИ ТН 220890 товардык позициясында классификацияланган алкоголу аз башка суусундуктарды, башка тундурмаларды кошпогондо, аларда этил спиртинин болушун эске алуу менен кайра эсептелет. Мында базалык ставка болуп күчтүүлүгү спирттин 40 көлөмдүк пайыздагы ушул ичимдикке ставка эсептелет.
