Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жаныбарларды идентификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү маалыматтык системасында ветеринардык дары-дармектердин кыймылын эсепке алууну камсыз кылуу боюнча иштин тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 11-февралы № 71 Жаныбарларды идентификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү маалыматтык системасында ветеринардык дары-дармектердин кыймылын эсепке алууну камсыз кылуу боюнча иштин тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын айыл чарба продукциясынын көзөмөлдөнүшүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн электрондук коммерциянын элементтери менен санариптик технологияларды айыл чарбасына киргизүү бөлүгүн, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 13-февралындагы № 28 чечиминин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) 13-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жаныбарларды идентификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү маалыматтык системасында ветеринардык дары-дармектердин кыймылын эсепке алууну камсыз кылуу боюнча иштин тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Жаныбарларды идентификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү маалыматтык системасында ветеринардык дары-дармектердин кыймылын эсепке алууну камсыз кылуу боюнча иштин ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Жаныбарларды идентификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү маалыматтык системасында (мындан ары - ЖИКС) ветеринардык дары-дармектер (мындан ары - ВДД) жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды чагылдыруунун эрежелерин аныктайт:
- сертификатталган ВДД жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын аймагына ВДДны жеткирүүчүлөр жөнүндө;
- ВДДны саткан ветеринардык дарыкана мекемелери, ветеринардык врачтар жөнүндө;
- ВДДны сактоо, сатуу, жок кылуу жөнүндө.
2. ВДДны жеткирүүчүлөр, мамлекеттик ветеринардык инспекторлор жана жеке ветеринардык врачтар тарабынан ушул Тартиптин 1-пунктунда саналган маалыматтарды ЖИКСке киргизүү менен ал аркылуу өз иш-аракеттерин жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Сертификатталган ВДДнын реестрин түзүү (жаңылоо)
3. Сертификатталган ВДДнын реестрин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департамент түзөт жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына маалымат жиберет (жаңылайт).
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат (мындан ары - ВК) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында Ведомстволор аралык маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууда белгиленген жол-жоболорго ылайык ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ар бир сертификатталган ВДД боюнча төмөнкү маалыматтарды ЖИКСке киргизет:
- ВДДнын аталышы;
- ВДДны чыгаруу формасы;
- ВДДнын саны;
- сертификаттын номери;
- сертификаттын колдонуу мөөнөтү;
- күтүү мезгили (жаныбарга ВДД акыркы жолу колдонуунун жана андан продукция алуунун ортосундагы ВДДнын калган санын максималдуу жол берилген деңгээлдеги белгиленген маанилерге чейин азайтууну камсыз кылган мезгил).
5. Күтүү мезгили болбогон ВДД үчүн ушул Тартиптин 13-20-пункттарында көрсөтүлгөн сатуу, колдонуу жана жок кылуу процесстери колдонулбайт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына ВДДны жеткирүүчүлөрдүн реестрин түзүү (жаңылоо)
6. ВДДны жеткирүүчүлөрдүн реестри ЖИКСта ВКнын жооптуу адамы тарабынан түзүлөт.
7. ЖИКСта катталган ВДДны жеткирүүчүлөр үчүн ЖИКСка кирүү ВКнын ички жол-жобосуна ылайык ВКнын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан берилет.
8. Эгерде ВДДны жеткирүүчүнүн бир нече дүң кампасы (мындан ары - объект) болсо, аларды ЖИКСта каттоону ВДДны жеткирүүчү өзү жүргүзөт.
4. ЖИКСта ветеринардык дарыкана мекемелеринин реестрлерин түзүү (жаңылоо)
9. ЖИКСта ветеринардык дарыкана мекемелеринин реестрин ВКнын ички жол-жобосуна ылайык ВК түзөт жана маалыматтар базасын башкарат.
10. ЖИКСта катталган ветеринардык дарыкана мекемелерине ЖИКСка кирүүгө ВКнын ыйгарым укуктуу адамы ВКнын ички жол-жобосуна ылайык мүмкүнчүлүк берет.
5. ЖИКСта жеке практикалоочу ветеринарлардын реестрлерин түзүү (жаңылоо)
11. ЖИКСта жеке практикалоочу ветеринарлардын реестрин Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын ички жол-жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы түзөт жана маалыматтар базасын башкарат.
12. ЖИКСта катталган жеке практикалоочу ветеринарлар үчүн ЖИКСка кирүүгө ВКнын ыйгарым укуктуу адамы мүмкүнчүлүк берет.
6. ЖИКСка ВДДны дүңүнөн сатуу боюнча маалыматтарды киргизүү
13. ВДДны жеткирүүчүлөр ушул Тартиптин 9-12-пункттарына ылайык түзүлгөн ЖИКСта реестри бар сатып алуучуларга гана ЖИКСта өзүнүн профили аркылуу аларды сатуу процессин жүргүзөт.
14. Жеткирүүчү ВДДны сатууда ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык катталган ВДД сатылган объектти белгилейт.
7. ЖИКСка ВДДны чекене сатуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү
15. Ушул главанын эрежелери төмөнкү учурларда колдонулат:
- жеткирүүчү ЖИКСта реестрде турган ветеринардык дарыкана мекемелерине, жеке практикалоочу ветеринардык дарыгерлерге ВДДны сатканда;
- ветеринардык дарыкана мекемеси жеке практикалоочу ветеринарга, мал ээсине белгиленген формадагы рецепт боюнча ВДДны сатканда.
16. Ушул Тартиптин 15-пунктунун экинчи абзацында каралган учурда ВДДны жеткирүүчү ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык ВДДны сатуу процессин жүргүзөт.
8. ВДДны колдонуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү
17. Жаныбарды дарылоодо жеке практикалоочу ветеринар ЖИКС аркылуу сатып алынган ВДДны колдонот.
18. Ушул Тартиптин 18-пунктунда каралган учурда жеке практикалоочу ветеринар колдонулган ВДДнын аталышы жана аны колдонуу датасы жөнүндө маалыматты ЖИКСка киргизет.
19. ВДДны колдонууда жагымсыз дарылык таасири (реакция) аныкталган учурда жеке практикалоочу ветеринар аталган учур жөнүндө маалыматты ЖИКСта белгилейт.
9. ВДДны жок кылуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү
20. ВКда ЖИКСты колдонуучу катары авторизацияланган ВДД жок кылуу боюнча орган ВК белгиленген талаптарга ылайык жок кылуу процессин жүргүзөт жана жок кылынган ВДДлар жөнүндө ЖИКСка маалыматтарды киргизет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 25 · Күчүн жоготкон