# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21492/edition/1178661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159095

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 22-марты № 142

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 359, 2025-жылдын 27-июнундагы № 369 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө", 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" жарлыктарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 5-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:

- 5-пунктундагы "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6, 8-пункттарындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 19-пунктундагы "Өкмөтүнүн буйругу" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин тескемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 369 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 359 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
