# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын жана бул органдарды тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын жана бул органдарды тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159093>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21490/edition/1182203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159093.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын жана бул органдарды тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159093

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 22-марты № 143 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын жана бул органдарды тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:

"32. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул органдарды тейлөөчү кызматкерлердин кызмат маяналарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган, шаардык кеңештин чечими менен бекитилген өлчөмдө үстөктөрдү жана төлөмдөрдү белгилөөгө укуктуу экендиги белгиленсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктунда:

бешинчи абзацы "бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо" деген сөздөрдөн кийин "республикалык маанидеги шаарлардан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдү жана төлөөлөрдү шаардык кеңештин чечими менен бекитилген өлчөмдө белгилейт;".

3. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
