Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 25-мартындагы № 161 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат;
1. "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Төрага
А.У. Жапаров
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 2-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинин жыйырма сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
2) 4, 6, 8-беренелериндеги "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "келтирилген залалды четтетүүгө," деген сөздөрдөн кийин "эл аралык милдеттенмелерди аткарууга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2, 4-бөлүктөрүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "карантинге алынуучу өндүрүмдү кароо, көрүп чыгуу" деген сөздөр "транспорт каражатын жана карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүү, карантинге алынуучу өндүрүмдү кароо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 7-беренесинде:
а) биринчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана өсүмдүктөрдүн карантини жана өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндө Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылар менен бекитилүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 9-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 10-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 12-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү ", лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн карантинге алынуучу өндүрүмдүн сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн ылгап алуу менен кароо аркылуу жана карантинге алынуучу өндүрүмдүн карантиндик фитосанитардык абалы жөнүндө корутундунун" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 14-беренесинде:
а) 2-бөлүгү "аракеттерине же аракетсиздигине" деген сөздөрдөн кийин "административдик иш жана административдик жол-жоболор жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "Бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "Укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 16-беренесинин 3-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 12-январындагы № 852-VII "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 12.01.2023 · № 852-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-декабры № 728-VII "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 14.12.2022 · № 728-VII
Шилтеме берет (2)
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 2
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021