Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 28-марты № 169 Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 354 токтомунун редакциясына ылайык) Токмок шаарын көрктөндүрүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына ылайык, Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 35/11-5 токтомун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Чүй облусу, Токмок шаары, Шамсинская көчөсү, н/ж дарегинде жайгашкан, 2017-жылдын 16-ноябрындагы серия Б № 024856 мамлекеттик актысына ылайык мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүнүн пайдалануусунда турган аянты 328,8 га болгон жер участогунан (идентификациялык номери 7-10-07-0046-0040) аянты 22,45 га болгон жер участогун Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 354 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселелерин чечүү үчүн Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилет деп белгиленсин.
3. Токмок шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123