Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 5-марты № 130 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Бишкек" эркин экономикалык зонасын өнүктүрүү жана анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 7-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жободо:
- 15-пунктундагы "2" деген цифра "0,02" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясы 2016-жылдын 1-июлунан баштап ушул токтом күчүнө киргенге чейин түшкөн акчадан 0,2 пайыз өлчөмүндөгү төлөмдөрүн республикалык бюджеттин кирешесине которууну камсыз кылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБОПоложение · 01.08.2014 · № 431
Шилтеме берет (3)
- "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБОПоложение · 01.08.2014 · № 431
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.