Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 23 мая 2026 года № 365 "О реорганизации государственного учреждения "Дорожный фонд при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики" путем присоединения к государственному учреждению "Департамент дорожного хозяйства при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-05-23.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-апрели № 209 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Транспорт жана жол активдерин башкаруу системасынын туруктуу иштешине жетүү жана камсыз кылуу, жол тармагын өнүктүрүүнүн финансылык негизин чындоо жана жол тармагынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 2'-пункт менен толукталсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 8-тиркеме менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жободо:
- расмий тилдеги тексттин 11-пунктунун 11-пунктчасындагы "согласование" деген сөз "утверждение" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пунктчалар менен толукталсын:
"11) жеке жана юридикалык жактардан жол ишин финансылык жана материалдык жактан камсыз кылуу үчүн кайтарымсыз түшүүлөрдүн, анын ичинде ыктыярдуу кайрымдуулуктардын;
12) инвестициялардын жана гранттардын.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө' токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
7-пунктундагы "614", "528" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "634", "548" деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 31-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
8-Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№
Кызмат орундун аталышы
Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)
1
Директор
80 ООО
2
Директордун орун басары
65 ООО
3
Бөлүм башчысы
60 ООО
4
Эксперт
50 000
5
Башкы адис
40 000
6
Жетектөөчү адис
32 000
7
Адис
30 ООО
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун жетекчисинин чечими боюнча эмгегинин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көтөргөндүгү жана ченемге салынбаган жумуш күн үчүн 50 %га чейин үстөк белгиленет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө ЖобоПоложение · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик…Постановление · 23.05.2026 · № 365
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик…Постановление · 23.05.2026 · № 365