# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 157 "Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 157 "Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21459/edition/1138855/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 157 "Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159055

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 25-марты № 157 Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы № 119-VII КПҮ "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 102 токтому менен жактырылган кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттарын жана форматын жактыруу жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 79 "Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 1 Кыргыз Республикасы менен канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровго Кыргыз Республикасы менен канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасы менен канадалык "Центерра Голд Инк." Компаниясынын ортосундлгы өз ара дооматтарлы глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндом тартып күчүнө кирет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
