# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159052>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21456/edition/1138304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159052.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (20.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159052

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 20-сентябры № 174 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 Жарлыгына ылайык келтирүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия түзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
