# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21454/edition/1138266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (16.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159050

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 16-сентябры № 170 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдар институтунун ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугу Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жетектеген мекемени билдирет.";

- 1.3-пунктунун жетинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги диаспора уюмдарындагы жигердүүлүгү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугунун толук иштөөсү үчүн кеңселик жайынын болушу" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.1-пунктунун он жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
