КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 „Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-августу № 139 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Рекультивациялык эсептин каражаттарын пайдалануунун ачыктыгын жогорулатуу жана рекультивациялоо фондунун каражаттарын мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз болгон коммерциялык банктарда топтоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "47" деген цифралар "49" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. Жер казынасын пайдалануучулар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 2 (эки) календарлык айдын ичинде Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобого ылайык рекультивациялык эсептерин өткөрүп берүүгө милдеттүү. Жер казынасын пайдалануучулар мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз болгон коммерциялык банк менен жаңы келишим түзгөндөн кийин, ал жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга 7 (жети) календарлык күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жободо:
- 4-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"рекультивация фонду - банктардын Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн кайтарып берүү шарты менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн кошпогондо, жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн гана арналган жер казынасын пайдалануучунун банктагы атайын эсебинде топтолгон каражаттар; максаттуу рекультивациялык эсеп - рекультивациялоо фондунун каражаттарын түзүү үчүн мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз болгон Кыргыз Республикасынын аймагындагы банкта жер казынасын пайдалануучу тарабынан ачылган банк эсеби, аны жайгаштыруу үчүн акы төлөмү алынышы мүмкүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41. Рекультивациялык эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн кредиттөө жана инвестициялоо инструменттери аркылуу банктар тарабынан кайтарымдуу негизде пайдаланылышы мүмкүн. Ошол эле учурда, банктар рекультивациялык иш-чараларды жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдардын талабы боюнча бир жолку төлөмдү камсыз кылуу үчүн рекультивациялык эсепке алынган каражаттардын кеминде 45 пайызын топтолгон эсептин валютасында сактоого милдеттүү.";
- 13-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Рекультивациялоо фондун түзүү үчүн жер казынасын пайдалануучу кендерди геологиялык изилдөө же иштетүү боюнча иштер башталганга чейин акча каражаттары жайгаштырылганга чейинки 12 (он эки) айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген бардык экономикалык ченемдерди сактоочу мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз болгон Кыргыз Республикасынын аймагындагы банкта максаттуу рекультивациялык эсеп ачууга милдеттүү.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-августундагы № 90 жарыяланды
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 517
- "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 токтому менен бекитилген)Положение · 18.08.2017 · № 517
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 517
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон