# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21451/edition/1138064/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159047

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 22-марты № 152 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасындагы калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, "COVID-19" коронавирустук инфекциясынын алдын алууга жана жайылышына бөгөт коюуга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласындагы "29 жана 227-беренелерине" деген сөздөр "34-беренесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 1-пунктундагы "2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2021-жылдын 1-апрелинен 2022-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
