# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-марты № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-марты № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21448/edition/1167259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159043.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-марты № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому. (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159043

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-марты № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессин андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо: 2-пунктунда: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “электрондук соода аянтчасынын ички регламенти – мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү, электрондук соода аянтчасынын иш тартибин аныктоочу эрежелердин жыйындысы;”; он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 14-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Электрондук аукционго катышуу үчүн талапкер маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке кепилдик төгүмүн төгөт. Кепилдик төгүмүнүн чоңдугу аукционго коюлуучу объекттин баштапкы баасынын 10 пайызынын өлчөмүндө аныкталат.”;

- 40-пунктунун экинчи абзацындагы “2 жумуш күндүн” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу органдан билдирүү келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
