Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-марты № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессин андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 “Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо: 2-пунктунда: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “электрондук соода аянтчасынын ички регламенти – мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү, электрондук соода аянтчасынын иш тартибин аныктоочу эрежелердин жыйындысы;”; он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Электрондук аукционго катышуу үчүн талапкер маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке кепилдик төгүмүн төгөт. Кепилдик төгүмүнүн чоңдугу аукционго коюлуучу объекттин баштапкы баасынын 10 пайызынын өлчөмүндө аныкталат.”;
- 40-пунктунун экинчи абзацындагы “2 жумуш күндүн” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу органдан билдирүү келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу…Постановление · 18.08.2017 · № 507
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122