# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 177
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21444/edition/1139707/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159038

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-марты № 177 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Дары каражаттарынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жободо: 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу, онунчу абзацтар менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек (анын ичинде мөөнөттүү) жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде зарыл болгон жумуштарды аткаруу үчүн юридикалык жана жеке жактарды белгиленген тартипте тартууга;

- келишимдик негизде тышкы эксперттерди (адистерди) тартууга;";

- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- тышкы эксперттердин (адистердин) кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
