# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-марты № 108 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-марты № 108 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21434/edition/1135135/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-марты № 108 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (04.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159020

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-марты № 108 Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 10 "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы босоголук суммаларды бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 225 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 10 "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы босоголук суммаларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 473 "Уставдык капиталындагы акциялардын 50 жана андан көбүрөөк пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор үчүн атайын мөөнөттөр жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-мартындагы № 26 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
