# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 "Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 "Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21430/edition/1236115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 "Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому (17.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159014

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 7-февралы № 60 Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү маселелери жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген өнөр жай продукциясын алып коюу, кайтарып алуу, жеткире иштеп чыгуу же өндүрүүчү заводго кайтарып берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 702 "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 509 "Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
