Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-марты № 110 "2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 27-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 110 токтому менен жактырылган
2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында код коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана эл аралык укуктун ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин министрликтер жана административдик ведомстволор менен макулдашылган, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-январындагы № 7-б буйругу менен жактырылган жана ага 2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган. Макулдашуу ЕАЭБдин жалпы финансылык рыногун калыптандыруу бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 70-беренесине ылайык иштелип чыккан. 2020-жылдын 4-сентябрында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Макулдашуунун долбоорун жактырган. Макулдашуунун долбоору мүчө мамлекеттердин резиденттери үчүн алар башка мүчө мамлекетте болгондо ошол мүчө мамлекеттин аймагындагы финансылык уюмга кредиттик продуктуларга кайрылган учурда өзүнүн кредиттик отчетун суроого жана алууга мүмкүндүк түзөт. Долбоордо транс чек аралык алмашуу жүргүзүлгөн маалыматтарды коргоону камсыз кылуу милдеттенмеси да каралган. Документте кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтарды алмашуу механизми, тартиби жана шарттары, ошондой эле транс чек аралык алмашыла турган маалыматтардын минималдуу тизмеси белгиленген. Мындан тышкары ал кредиттик мамилелерди тариздөөдө керектөөчүлөрдүн жана финансылык кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун негизги принциптерин, мүчө мамлекеттердин финансылык рыногун жөнгө салуучу органдардын ыйгарым укуктарын аныктайт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык аталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Бул Макулдашуу ратификацияланган учурда финансылык чыгымдарды жана терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбестигин белгилей кетүү керек.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы № 239-VII "2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын…Постановление · 11.05.2022 · № 239
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 290-VII "2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын…Постановление · 02.06.2022 · № 290-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 352-VII "2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын…Постановление · 22.06.2022 · № 352
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-январындагы № 7-б "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.01.2021 · № 7-р
- 2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө…Закон · 22.07.2022 · № 67