# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 79 "2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 79 "2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158987>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21408/edition/1166485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158987.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 79 "2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому (25.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158987

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 18-февралы № 79 2022-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө 2022-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2022-жылга статистикалык программа (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына Программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржылоого тиешелүү каражаттарды карасын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
