# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109 "Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109 "Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158984>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21405/edition/1278639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158984.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109 "Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (26.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158984

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445, 2023-жылдын 26-декабрындагы № 710 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2022-жылдын 4-марты № 109 Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коом - "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун акционери (катышуучусу) катары мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын өлчөмүн 2027-жылга чейин 2 000 000 000,0 (эки миллиард) сомго чейин жеткирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 710 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
