КР Министрлер Кабинетинин «Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445, 2023-жылдын 26-декабрындагы № 710 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2022-жылдын 4-марты № 109 Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коом - "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун акционери (катышуучусу) катары мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын өлчөмүн 2027-жылга чейин 2 000 000 000,0 (эки миллиард) сомго чейин жеткирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 710 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордо…Постановление · 04.09.2023 · № 445
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 710 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109 "Уставдык капиталында…Постановление · 26.12.2023 · № 710
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна)Порядок · 27.05.2020 · № 274 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна)Положение · 27.05.2020 · № 274 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 04.09.23 ж. №445 токтомуПостановление · 04.09.2023 · № 445
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордо…Постановление · 04.09.2023 · № 445
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик…Постановление · 27.05.2020 · № 274 · Күчүн жоготкон