Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 11-февралы № 75 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148 Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тиркелген тартиби бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) 2023-жылдын 1-августунан тартып кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөөнү жүргүзсүн:
- курман болгон адамдардын он сегиз жашка чыга элек балдарына, анын ичинде "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурда он сегиз жашка чыга элек жана кол коюлган учурда он сегиз жашка толгон балдарына;
- курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине);
- майыптыгы бар адам деп табылган жабыр тарткандарга;
2) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды жабуу үчүн жыл сайын акча каражаттарын бөлүп берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык…Порядок · 11.02.2022 · № 75
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 "2021-жылдын…Постановление · 25.10.2023 · № 570
Шилтеме берет (3)
- 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен…Закон · 20.07.2023 · № 142
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 08.12.2021 · № 148
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.