Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТОКТОМ 2022-жылдын 7-январы № 62 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Төрага
А. У.Жапаров
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 655-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) биринчи абзацтагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"таңгакталган товарлар - керектөөчү жокто таңгакталган жана чапталып коюлган таңгактардагы товарлар, мында таңгактын ичиндегиси таңгакты ачканга же бузганга чейин өзгөртүлүшү мүмкүн эмес, ал эми таңгакта камтылган товардын салмагы, көлөмү, узундугу, аянты же санын көрсөткөн башка чоңдуктар таңгакта көрсөтүлөт.";
2) 4-берененин 4-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5-беренедеги "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 6-беренедеги "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 9-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн жана бекитүү белгисин колдонуунун, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү өлчөө каражаттарын каттоонун, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.";
7) 10-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Текшерүү жүргүзүүнүн, текшерүүнүн энтамгасын даярдоонун, колдонуунун жана сактоонун тартиби, текшерилүүгө тийиш өлчөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарын текшерүүнү уюштуруу тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.";
8) 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Метрологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.";
9) 12-беренеде:
а) 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө:
- "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен жөнгө салынат.";
10) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл
1. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл төмөнкүлөрдү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө жүзөгө ашырыл ат:
- өлчөө каражаттарын чыгарууга, алардын абалына жана колдонулушуна, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнө, өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатында ченемдик, укуктук актылардын, метрологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышына;
- соода операцияларын жүргүзүүдө ажыратылган товарлардын массасынын, көлөмүнүн, чыгымынын же башка чоңдуктарынын анык маанисин жана сатылган санына шайкеш келишин аныктоо максатында бул товарлардын санына;
- таңгакты ачпай же бузбай туруп өзгөрүшү мүмкүн болбогон учурларда таңгактоого, сатууда, импорттоодо бардык түрдөгү таңгактарда таңгакталган товарлардын санына, ал эми таңгакта камтылган товардын массасы, көлөмү, узундугу, аянты же таңгактагы товардын санын көрсөткөн башка чоңдуктары таңгакта белгиленет.
2. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
11) төмөнкүдөй редакциядагы 15-1-берене менен толукталсын:
"15-1-берене. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы маалыматтарды маалыматтык камсыз кылуу
1. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фонд өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы маалыматтык ресурстардын булагы болуп эсептелет.
2. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фонддун ишинин тартиби, ошондой эле бул фондду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
12) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын жоболорун бузган мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
13) 17-беренеде:
а) 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүү жана жүргүзүү;";
б) 9-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө Метрология боюнча улуттук орган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, чарбакер субъекттер белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу юридикалык жактар көрсөткөн метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө монополияга каршы орган менен макулдашылган жана экономика жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тарифтерге жана прейскуранттарга жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык акы төлөнөт.". 2-берене. "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2020-жылдын 10-марты, № 26) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-беренедеги "2023-жылдын 1-июнунан" деген сөздөр "2025-жылдын 1-январынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 393-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө", "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз…Постановление · 30.06.2022 · № 393
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 192-VII "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.04.2022 · № 192-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 313-VII "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 16.06.2022 · № 313-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13