# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158956>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21382/edition/1128531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158956.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158956

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 31-январы № 45 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Коллизиялык ченемдерди жоюу, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн бирдей жана адилеттүү шарттарды түзүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарында:

- 79-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"79. Системалык программалык камсыздоо мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, уюм тарабынан мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алынат же автордук укук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле жүктөлүүчү системалык программалык камсыздоого лицензиялардын шарттарын сактоо менен акысыз негизде жүктөлөт.";

- 80-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
