# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 61 "Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясына ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишкананы түзүү, жоюу, кайра уюштуруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 61 "Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясына ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишкананы түзүү, жоюу, кайра уюштуруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21369/edition/1129167/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158940.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 61 "Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясына ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишкананы түзүү, жоюу, кайра уюштуруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (07.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158940

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-февралы № 61 Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясына ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишкананы түзүү, жоюу, кайра уюштуруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө Ички рыноктун керектөөлөрүн көмүр менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 26-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясына төмөнкү ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин:

- "Чоң-Алайкөмүр" ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишканасын түзүү, жоюу, кайра уюштуруу;

- жогоруда аталган мамлекеттик ишкананын Уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү;

- аталган мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишин контролдоо.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишкананын жетекчиси Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Жогоруда аталган мамлекеттик ишкананын жетекчисине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чаралары Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-2-пункту "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөрдөн кийин ", "Чоң-Алайкөмүр" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөр менен толукталсын.

4. Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
