# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21364/edition/1127335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158935.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (07.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158935

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-февралы № 50 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамада:

- 2-пунктундагы "жана администрациялык мыйзамдардын" деген сөздөр "мыйзамдарынын жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "кылмыш-жаза же администрациялык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз" деген сөздөр "жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштардын жана/же укук бузуулардын белгилери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "же улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына каршы укукка жат жосундар анык даярдалып жаткандыгы тууралуу жетишерлик маалыматтар болгондо" деген сөздөр алып салынсын;

- 7-пунктундагы "же администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "жоопкерчилигине же укук бузуу үчүн жоопкерчиликке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтүлгөн материалдарды текшерип чыккандан кийин, анын натыйжасында маалыматтар тастыкталса, он күндүн ичинде жарандарга расмий эскертүү жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат.";

- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- аталган Нускамага 1-тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:

- "МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ" деген сөздөр "УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- расмий тилдеги текстиндеги "201\_\_\_\_" деген цифралар "20\_\_\_\_" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- аталган Нускамага 3-тиркеме ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-февралындагы № 18 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамага 1-тиркеме

Улуттук коопсуздук органынын бланкында таризделет РАСМИЙ ЭСКЕРТҮҮ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (улуттук коопсуздук органынын аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жеке жактын аты-жөнү, туулган датасы жана жашаган жери, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ адам тарабынан жасалган (жасалуучу) жана/же даярдалып жаткан \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ конкреттүү иш-аракеттерди кыскача баяндоо) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жөнүндө маалыматтар бар. Көрсөтүлгөн иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_-беренесинде каралган кылмышты жана/же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин \_\_\_\_\_\_\_\_\_-беренесинде каралган укук бузууну жасоо үчүн шарт түзөт. Баяндалгандын негизинде "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык кылмышты жана/же укук бузууну жасоонун алдын алуу максатында \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жеке жактын аты-жөнү, туулган жылы, Кыргыз Республикасынын жаранынын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ паспортунун сериясы жана номери, инсандыкты күбөлөндүрүүчү башка документтер) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин \_\_\_\_\_\_\_-беренесинде каралган кылмышты жана/же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_-беренесинде каралган укук бузууну жасоо үчүн шарт түзүүчү иш-аракеттерге жол берилбестиги жөнүндө расмий эскертүү жарыяланды.

Мөөрдүн орду

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(кызмат орду)

(колу)

(инициалдар, фамилиясы)

20\_\_\_\_-ж. "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Мага эскертүү жарыяланды, анын маңызы жана даттануу укугу түшүндүрүлдү.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (расмий эскертүү жарыяланган адамдын колу, инициалдар, фамилиясы)

20\_\_\_\_-ж. "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_.".

2-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамага 3-тиркеме

Улуттук коопсуздук органынын бланкында таризделет

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ прокурору \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Сизге төмөнкүлөрдү кабарлайбыз: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү, туулган датасы жана жашаган жери) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тарабынан \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (адам тарабынан жасалган жана /же жасоого даярдалып \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жаткан конкреттүү иш-аракеттерди кыскача баяндоо) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жасалгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин \_\_\_\_\_\_\_\_\_-беренесинде каралган кылмышты жана/же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_-беренесинде каралган укук бузууну жасоого шарт түзүүчү иш-аракеттерге жол берилбестиги жөнүндө расмий эскертүү жарыяланды. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кызмат орду) (колу) (инициалдар, фамилиясы)

20\_\_\_\_-ж. "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_.".
